• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандын аймагында күчү 5 баллга жакын жер титирөө катталды

24 Баш оона 202418:56 Бишкек Govori.TV

23-августтан 24-августка караган түнү кыргыз-тажик чек арасынан анча алыс эмес жерде Баткен районунун аймагында күчү 5 баллга жакын жер титирөө болду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө саат 02:32де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Баткен районунун аймагы жана Алай кырка тоосунун боорлорунда болгон.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Кан, Сары-Талаа, Коргон, Жоо-Пая айылдарында 4 баллга жакын, Кыштут, Табылгы, Кайыңды, Жаңырык айылдарында 3,5 баллга жеткен. Карамык, Кара-Тейит айылдарында — 3 балл болгон.

Количество просмотров: 831