• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

12 Тогуздун айы 2023 9:46 Бишкек Govori.TV

13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, эртең, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

13-15-октябрларда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 5…10°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 4…9°, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 5…10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 231