• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси кызматынан бошотулду

31 Тогуздун айы 2023 17:20 Бишкек Govori.TV

Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Ибраимов Эрмек Султанович Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, ишти айкальштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы жана Эстония Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматтарынан бошотулду.

Количество просмотров: 95