• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандын биометрикалык паспортторун германиялык компания чыгарат

28 Чын куран 2020 0:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын биометрикалык паспортторун германиялык компания чыгарат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Тендер ушул жылдын 26-февралында жаряланган. Жыйынтыгы 27-апрелде чыкты.

Жыйынтыгында, биометрикалык паспортко бланктарды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендерди германиялык «Mühlbauer ID Services GmbH» (Мүлбауэр) компаниясы утуп алды. Ишкана бул кызматы үчүн 655 млн. 645 миң сом сунуш кылды.

Ал эми «Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасы» кызматын 800 млн. сомго баалап, экинчи орун алды. Мекеме биометрикалык паспорт басып чыгарууга 973 млн. 123,5 миң сом бөлүүгө даяр экенин билдирген.

«Мүлбауэр» компаниясы чет мамлекетке чыкканда колдонулуучу паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерге 2018-жылы да катышкан. Анда литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок 2019-жылы Жогорку сот тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Себеби «Мүлбауэр» ишканасы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Количество просмотров: 136