17-декабрда Кыргызстандын дзюдо федерациясынын отчеттук-шайлоо конференциясы өттү. Анда Жолдошбек Көлбаев аталган федерациянын президенттигине кайрадан шайланды. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.
Конференцияда: «Мындан туура төрт жыл мурда силер мага ишеним артып федерациянын башына койгонсуңар. Өтүп кеткен төрт жылда өтө чоң, фантастикалык ийгиликтерге жетиштик. Эми мындан ары да мага ишеним көрсөткөнүңөр үчүн ыраазымын», — деди Көлбаев.
Ал буга чейин да федерацияны жетектеп келген. Федерациянын президентин шайлоо 4 жылда бир өткөрүлөт.
Эске салсак, дзюдо федерациясынын президентинин агасы Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде уюшкан кылмыштуу топтун иш аракеттерин алдын алуу операциясынын алкагында УКМК тарабынан кармалган. Азыркы тапта №47 колонияда камакта.