• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Иорданияны 1:0 эсебинде жеңип алды

21 Бештин айы 2018 11:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.12.2018.Govori.TV.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иорданияны 1:0 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Командалар Азия кубогуна даярдык көрүүнүн алкагында бейшемби күнү беттешти. Оюн эки команданын макулдугу менен жабык түрдө өттү. Башкача айтканда, трибунага күйөрмандар киргизилген эмес. Оюндагы жалгыз голду 86-мүнөттө кыргызстандык жарым коргоочу Турсунали Рустамов киргизген.

Учурда Кыргызстандын курама командасы Александр Крестининдин жетекчилиги алдында Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн машыгууларын өткөрүүдө. Кыргызстандык оюнчулар аталган кубокко биринчи жолу катышмакчы.

Азия кубогу 2019-жылы 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын курамасы (7-январь, Аль-Айн), Кытай (11-январь, Аль-Айн) жана Филиппиндер менен (16-январь, Дубай) ойнойт.

Теги:
Количество просмотров: 18