• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына утулду

7 Үчтүн айы 201919:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калды.

Оюн Бириккен Араб Эмираттарында Азия кубогунун алкагында өтүп, биринчи таймдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жаткан.

Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяш одоно эки ката кетирип, бул мүмкүнчүлүктү кытай футболчулары эки ирет голго айланта алышты.

Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, “С” тайпасында көч баштады.

Азия кубогу 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде башталды. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын, Филиппиндердин командасы менен беттешет.

Количество просмотров: 11