Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды.
Беттештен соң Кыргыз футбол бирикмесинин төрагасы Камчыбек Ташиев оюнчуларды кийинүүчү бөлмөгө барып куттуктады.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашкан.
Тайпада 13 упай топтогон Оман биринчи, 11 упай менен Кыргызстан экинчи орун менен дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өттү. Малайзияда 10 упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай алган жок.
Дүйнө чемпионатынын 3-туруна жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна тайпадан биринчи жана экинчи орунду алган курамалар чыгат.