• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын өкмөтү жаңы кодекс боюнча калкка маалымат берүүдө начар иштеген

23 Үчтүн айы 2019 12:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын өкмөтү жаңы кодекс боюнча калкка маалымат берүүдө начар иштеген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.

«Эч кандай үгүт иштери болгон жок. Телеберүү аркылуу бир дагы жарнамалык ролик кеткен жок. Шаарда бир дагы плакат илинбеди. Буга байланыштуу калктын нааразычылыгы ортого чыкты», -деди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтылгандарга кошулбады.

«Техникалык түзүлүш жагынан чоң иштер аткарылды, бирок жаңы кодекстердин күчүнө кире тургандыгы тууралуу жалпы маалымат ЖМКларда жарыяланды», -деди Жеңиш Разаков.

Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, жаңы кодекстерди ЖМК аркылуу таркатууга донорлор 3 миллион евро бөлгөн. Буга карабай жаңы кодекстер тууралуу эч ким укпаганына ал нааразы болду. Аталган каражат кайда корогондугун түшүндүрүп берүүнү да талап кылды.

Теги:
Количество просмотров: 16