Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” клубу футбол боюнча Кыргызстандын кубогун утту. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
Финалда “Мурас Юнайтед” клубу менен Канттын “Абдыш-Ата” клубу кез келип, 3:2 эсебинде үй ээлери жеңишке жетишти. Оюн 15-сентябрда Жалал-Абад шаарында өткөн.
Оюндун жеңүүчүсү негизги убакытта чечилбей кошумча минутада гана белгилүү болду. 109-минутада Абай Боколевдин тепкен тобу дарбазага таамай кирип, жалал-абаддыктарга кубокту тартуулады.