• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстандын курама командасы Монголияга каршы дарбазачыларсыз ойнойт

7 Кулжа 2021 13:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучулук штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков жана Кашуба Валерий коронавируска шектелип оюндан четтеди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Мындай маалымат, беттеш башталаардан 2 саат мурун гана белгилүү болгон. Кыргызстандын курама командасы дарбазачыларсыз ойноого туура келген. Акыркы кырдаалды эске алып, дарбазада коргоочу катары Айжар Акматов чыгат.

Бүгүн, 7-июнда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Кыргызстан Монголия менен оюн өткөрөт. Беттеш Осака шаарындагы «Янмар Стэдиум» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды.

Количество просмотров: 139