Бүгүн, 11-августта Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттешке чыкты.
Кыргыз спортчусу бокс боюнча 57 килограмм салмак ченинде өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен кез келип, атаандашынан 0:5 упай менен утулуп калды.
Натыйжада кыргыз мушкери күмүш медалга ээ болду.
Бул бокс боюнча эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарындагы алгачкы күмүш медаль. Кыргызстандын курама командасынын Париж Олимп оюндарындагы 2-күмүш медалы.
Мунарбек тарых жаратты.