• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандын муфтийи качан шайланат?

5 Жалган куран 2020 13:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын муфтияты быйыл боло турган мусулмандардын курултайынын мөөнөтүн жылдырып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта АКИpress агенттигинде болгон маалымат жыйында жарандык активист Келдибек Аскаралиев билдирди.

Анын айтымында, ал бул маселе боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет менен Юстиция министрлигине кайрылган.

«Муфтияттын өкүлдөрү 2017-жылы мусулмандардын 6-курултайында жаңы жарлыктын долбоорун кабыл алып, ошондо эле муфтийди 4 жылга шайлап койгонбуз дешти. Бирок бул мыйзамга туура келбейт. Эмне себептен быйыл боло турган курултай жылдырылып жатат деген маселени изилдеп көрдүм. Юстиция министрлиги 2017-жылды кабыл алынган долбоор оңдолуп, 2019-жылы кайра каттоодон өттү деп жооп беришти. Кыргызстандын мыйзамына ылайык, жаңы жарлык боюнча муфтий 4 жылга шайланат. Демек 2019-жылдын 23-сентябрынан бери аалымдар кеңешинин толук мүчөлөрү менен муфтийлер мыйзамсыз отурат», — деди ал.

Келдибек Аскаралиев 4-апрелде мусулмандардын кезектеги курултайы өтүш керек дейт.

«Бирок бүгүнкү күнгө чейин курултай тууралуу жарыя жок. Менин билишим боюнча буга эки себеп бар. Биринчи себеби парламенттик шайлоого карата жылдырып атышат. Экинчи себеби жаңы жарлык боюнча аалымдар кеңеши менен муфтий эки жогорку — диний жана светтик билимге ээ болуш керек экен. Бирок аалымдар кеңешинин 90 пайызынын светтик билими жок», — деди ал.

Ошондой эле Ленинград менен Тоголок молдо көчөсүнүн кесилишиндеги «Ихсан-Хария» кайрымдуулук фондуна бөлүнгөн жердин чыры боюнча сөз сүйлөдү.

«Убагында бул жерге мечит курулмак экен. Бирок жердин кыртышы туура келбей калыптыр. Бирок азыр бул жерлер туш тарапка сатылып, мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатат. Бул жер боюнча аталган кайрымдуулук фонд Каныбек Түмөнбаев деген адам менен соттошуп жатат», — деди ал.

К.Аскаралиев муфтиятка курултай өткөрүү боюнча кайрылган. Ал 4-апрелге чейин курултайды өткөрүү боюнча чечим кабыл алынбаса сотко кайрылууга аргасыз болорун билдирди.

Количество просмотров: 125