• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын президенти түрк өлкөлөрүн соода мамилелерин кеңейтүүгө чакырды

11 Жетинин айы 2022 13:20 Бишкек Govori.TV

«Учурдагы кризис шартында биздин өлкөлөр уюмдун ичиндеги соода алакаларын кеңейтүү жана жаңы жеткирүү ыкмаларын табуу үчүн дагы тыгыз кызматташуусу зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлеринин Саммитинин тогузунчу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы 2021-жылы Кыргызстан менен Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын көлөмү 40 пайызга өскөнүн белгиледи.

«Өлкөлөрүбүздүн экономикалары коронавирус пандемиясынын терс таасиринен али толук чыга элек жана эл аралык чыңалуудан улам жаңы сыноолорду баштан кечирүүдө.

Экспортту жана импортту көбөйтүү үчүн сооданын түзүмүн оптималдаштыруу, экспортко багытталган биргелешкен өндүрүштү түзүү, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү зарыл.

Соода-экономикалык кызматташтыгыбызды мындан ары прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн транспорт маселеси дагы чоң мааниге ээ.

Маалым болгондой, жакын арада биз «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоону пландаштырып жатабыз.

Бул долбоор батыш өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү менен бирге, Транскаспий транспорттук маршрутунун иштеп жаткан темир жол линияларын жана автомобиль байланыштарын толуктайт», – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 78