• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандын самбо боюнча чемпионун өлтүргөнгө шектүү адам кармалды

6 Аяк оона 2018 18:19 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 06.09.2018. Govori.TV

Спортчуну бычактаган деп айылыпталып жаткан жаран, анын мурунку таанышы болчу.

Кыргызстандын күжүрмөн самбо боюнча чемпиону Бекзат Жаныбековду өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу  укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бул кылмышка шектүү деп эсептелген 1985-жылы туулган Б.А. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну.

Алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга караганда спортчу менен анын таанышынын ортосунда жеке чыр болгон, анын натыйжасында Бекзат Жаныбеков бычактан жараат алып жана ошол эле жерде көз жумган.

Окуя 3-сентябрь күнү Бишкекте болгон. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, каза болгон спортчу 28 жашта эле. Ал 4-сентябрда Сузак районунда жерге берилди.

Количество просмотров: 56