• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

13 Үчтүн айы 20259:27 Бишкек Govori.TV

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-январь түнү саат 23:36да Ош жана Жалал-Абад облустарында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде, Чангет айылдарында 3 баллга, Ак-Терек айылында 2,5 баллга, Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 2,5 баллга, Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан, Калта айылдарында 3 баллга (Кыргызстан айылынан 3 чакырым түштүк батышта, Калта айылынан 5 чакырым түндүктө, Чангет айылынан 5 чакырым түштүк чыгышта, Ничке-Сай айылынан 7 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 253