Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев айткан кыргызстандык айдоочулук күбөлүктөрдүн абалын тактады.
Дипломатиялык бөлүмдүн маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы 1968-жылдын 8-ноябрындагы БУУнун жол кыймылы боюнча Вена конвенциясына мүчө болуп, анын катышуучулары айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.
Казакстан Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар “Жол кыймылы жөнүндө” Казакстандын Мыйзамына ылайык, жашап турууга уруксат алган адамдарды кошпогондо, улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн эркин пайдалана алышат.
Ал эми жарандар Казакстан Республикасынын жашап турууга уруксат алгандан кийин 60 күндөн кийин казак үлгүсүндөгү документтерди алмаштыруу керек. Ал жерде жол кыймылы боюнча конвенциянын талаптарына ылайык айдоочулук күбөлүк, паспорт, медициналык справка берип, мамлекеттик алым төлөп, теориялык экзамен тапшырыш керек.
Учурда бул маселе талкууланып жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, 8-февралда Турак жай комитетинин жыйынында Эмил Токтошев коңшу республикада кыргызстандыктарга Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү менен унаа айдоого тыюу салынганын билдирди.