Өкмөт 200 даана мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды. Жабдыктар 15-июлда Кытай Эл Республикасынан чартердик каттам аркылуу алынып келгенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта өлкөгө республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынган 1 миңден ашуун мобилдик концентраторлор алынып келинген. Ошондой эле гуманитардык көмөк көрсөтүү линиясы боюнча да концентраторлор келүүдө.
Өлкөгө алынып келинген кычкылтек концентраторлору, муктаждыкка жараша, республиканын саламаттык сактоо уюмдары арасында таркатылып берилет.