• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстанга документсиз Корей атырларын алып кирген жаран кармалды

8 Теке 201913:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар-автодорожный» өткөрүү пунктунан Кыргызстанга керектүү документтери жок корей өндүрүшүнөн чыккан парфюмерияны алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 7-июлда болгон. Мыйзамсыз алынып келе жаткан товардын жалпы суммасы 2 миллион сомду түзөт.

Текшерүү учурунда парфюмерия каражаттарынын орус жана кыргыз тилиндеги аннотациясы менен акциздик маркалары жок болуп чыккан.

Андан сырткары, айдоочунун жанында жүккө берилчү уруксат кагаздары да болгон эмес. Тийиштүү документтер толтурулган соң жүк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен Салык кызматынын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрүнө тапшырылган.

Количество просмотров: 12