• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо токтоп турат

16 Жетинин айы 2021 9:26 Бишкек Govori.TV

Техникалык себептерден улам Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

Министр кошуна мамлекеттерде дагы ушул багытта тартыштык байкалып жатканын айтты.

«Кошуна мамлекеттерде дагы чоң тартыштык бар. Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан дагы чектөөлөрдү киргизип жатат. Биз лимитти аргасыз, жарык менен отуралы деп киргизип жатабыз. Кошуна өлкөлөр, Орусия менен байма бай сүйлөшүп жатабыз. Анткени жайында аларга суу керек, бизге электр энергиясы керек. Токтогул суу сактагычынын бир тамчы суусун дагы бүгүн биз ирригацияга пайдаланбайбыз. Анын бардыгы кошуна өлкөлөргө, Өзбекстанга, андан ашканы Казакстанга кетет. Аларда дагы кыйынчылык болуп жатат. Азыр импорт токтоп турат. Өзүбүздүн генерация менен иштеп жатабыз. Өзбекстанда импорт келе турган линияда авария болуп, өздөрүндө тепловой станциясында ремонт иштери жүрүп токтоп турат. Биздин максат элди кыштан алып чыгуу. Бул техникалык маселелерди саясатка аралаштырбашыбыз керек», — деди Бекмурзаев.

Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

Улуттук энергохолдинг жарыкты маал-маалы менен өчүрүү планы жоктугун билдирип, жарандардан электр энергиясын үнөмдөөнү суранган.

Количество просмотров: 129