• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстанга гумжардам катары канча ПЦР тест келген?

13 Бугу 2020 11:32 Бишкек Govori.TV

Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев Кыргызстандагы коронавирус боюнча жалпы абал тууралуу маалымат берди.

Анда ага коронавирус илдетин аныктоочу канча ПЦР тест Кыргызстанга гуманитардык жардам катары келгени жана канча тест сатып алганы тууралуу суроо узатылды.

Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кытайдан жардам катары 100 миң тест келгендигин айтты.

«Албетте кытай тараптан бул жардам өтө керек болду. Азыркы учурда ПЦР-тесттер өтө маанилүү болуп жатат. Бул жерде айта кесек тесттерди Россиядан келип жатат. Баштапкы тесттер да Россия Федерациясынан келип, бул илдетти аныктоодо чоң жардам болгон. Тесттер Турциядан да алгачкы байкоого 100 комплект келген. Ал эми бизге Белорусь өлкөсүнөн тесттерди сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн, андан соң 9 миң ПЦР тестти Турциядан сатып алдык. Учурда Белерусиядан 150 миң тест алуу пландалып жатат», — деди ал.

Количество просмотров: 43