• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанга Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев келди

2 Аяк оона 2018 14:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.09.2018.Govori.TV.

Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.

Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасына 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышуу үчүн келди.

Мындан тышкары, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев 2-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

Маалымдама: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы саналат.

Белгилесек, быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өтөт.

Количество просмотров: 26