• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанга Кореянын премьер-министри расмий сапар менен келет

16 Теке 2019 14:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

Кыргызстанга Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен келет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Ли Нак Ёндун расмий сапары 17-июлда башталып 19-июлга чейин созулат.

Корея Республикасынын премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган. Анын ичинде 50дөн ашык кореялык компаниянын катышуусунда 2 кыргыз-корея бизнес-форумун, «В2В» жолугушууларын, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Корея Республикасынын премьер-министрин президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюлары белгиленүүдө.

Количество просмотров: 3