• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстанга Польшадан медициналык кызматкерлер келди

19 Чын куран 202019:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргыз Республикасына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан курамында 10 медициналык кызматкер турган топ келди.


Польшалык медиктер атамекендик медициналык кызматкерлерге Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт. Эки өлкөнүн адистери аталган багытта топтолгон маалыматы менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышат.

Количество просмотров: 282