Кытыйлык Sinopharm вакцинасы июль айынын ортосунда өлкөгө келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасынын келиши күтүлүүдө.
“Расмий маалымат берип кетейин, вакцина июль айынын ортолорунда өлкөгө келип түшөт. Бардык сүйлөшүүлөр график боюнча жүрдү. Министрлик жана министрлер кабинети тарабынан бардык маселелер аткарылды”, — деди ал.