• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы келди

2 Баш оона 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинети Кытай Эл Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Министрлер Кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцина алууга чакырат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 млн 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпысынан 2 млн 350 мин доза сатылып алынды.

Количество просмотров: 50