• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанга Түркиядан 328 жаран кайтарылды

9 Кулжа 2020 13:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июнда Кыргызстанга Түркиядан 328 жаран кайтарылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын Стамбул–Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс менен учуп келишкен.

Каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылды.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген татипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Количество просмотров: 60