• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанга вирус катталган өлкөдөн келгендер үч категорияга бөлүндү

13 Жалган куран 2020 10:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга коронавирус катталган өлкөдөн келген жарандар жана чет өлкөлүктөр үч категорияга бөлүнүп, анын негизинде жоопкерчилик алат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирусту пандемия деп жарыялаганына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги өлкөлөрдү үч категорияга кошумча критерийлер менен бөлдү:

  • ооруп калгандардын абсолюттук саны;
  • акыркы 10 күн ичиндеги инфекциянын тароо темпи;
  • эл аралык көз карандысыз уюмдардын баасы боюнча өлкөнүн пандемия, эпидемияга даярдык индекси.

Саламаттык сактоо министринин буйругу менен төмөнкү 3 категорияга бөлүндү. Бирок бул категориялар өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалдын курчушунан улам өзгөрүшү мүмкүн.

I категорияга жогорудагы үч критерийдин бири туура келген өлкө кирет.

Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия, Испанияда (анын ичинде транзиттик) акыркы 30 күн ичинде болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине тыюу салынат.

I категорияга кирген кыргызстандыктар (транзит менен келсе да) атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга киргизилет. Бул ID-карта жана бардык паспорттордун ээлерине тиешелүү.

Ал эми жогоруда саналган өлкөлөрдө акыркы 30 күн ичинде болбогон чет элдик жана Кыргызстандын жарандары атайын текшерүүдөн өтүп, Кыргызстанга кирсе болот.

Обсервация шартын бузгандар Кыргызстандын мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартылат.

II категорияга АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия, Нидерланды өлкөлөрү кирди.

Чет элдиктер жана кыргызстандыктар аталган өлкөлөрдөн транзит менен келсе, 14 күндүк үй карантинине алынат.

Үй карантининин эрежелерин бузгандар Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жоопкерчиликке тартылат.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык атайылап же байкоосуздан санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузса, байкабастан массалык ооруга себепкер болсо, элди ууландырып алса же башка оор залал келтирсе, VI категориядагы айып менен жазаланат. Же болбосо кызматынан, же кайсы бир иш менен алектенүү укугунан эки жылга ажыратылат.

Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесинин негизинде жашы жете электер үчүн VI категориядагы айыппул салынат. Ал 1200дөн 1400гө чейинки эсептик көрсөткүчтөгү, ал эми башка жеке тараптар үчүн 2600дөн 3000ге чейинки эсептик көрсөткүч көлөмүндөгү айыппул салынат.

Эгерде чет элдик жаран үй карантини боюнча шартты аткара албаса, Саламаттык сактоо министрлигинин бекиткен буйругунун негизинде Кыргызстанга киргизилип, бирок атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга жатат.

III категорияга Сингапур, Австрия, Дания, Кытайга караган Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Аравиясы кирет.

Чет элдиктер жана кыргызставндыктар аталган өлкөлөрдөн транзит менен келсе, баштапкы текшерүүгө алынып, андан ары үйүнө кое берилет. Бирок Кыргызстандын аймагында 14 күнгө чейин чектөө болот.

Кыргызстанда катталган дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик делегациялардын мүчөлөрү ТИМге өз учурунда кабарлап турат жана милдеттүү болгон текшерүүдөн өтөт, бирок оорунун белгилери байкалбаса обсервацияга алынбайт.

Кыргызстандын аймагына кирген жарандар үчүн категориялар боюнча өзгөрүүлөр 14-марттан тарта күчүнө кирет.

Количество просмотров: 44