• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанга Владимир Путин эмнеге келет?

27 Тогуздун айы 201818:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.10.2018.Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Путин 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында келет. Өлкө башчыларынын жолугушуусу 26-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн жана Орусиянын тышкы иштер министрлери жолуккан учурда да айтылган.

Владимир Путиндин Бишкекке болгон сапарында онго жакын документтерге кол коюлат.

 

Количество просмотров: 48