• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанга жакынкы күндөрү Sinopharm, Pfizer жана Moderna вакциналары келет

19 Баш оона 202111:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга жакынкы күндөрү коронавируска каршы Sinopharm, Pfizer жана Moderna вакциналары келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, COVAX программасынын алкагында сентябрь айында Sinopharm, күздүн ортолорунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет.

Ал эми 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоо иретинде Moderna вакцинасынын келери күтүлүүдө.

Количество просмотров: 106