• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанга ЖККУ мүчө өлкөлөрдүн президенттери келет

12 Жетинин айы 2019 9:02 Бишкек Govori.TV

28-ноябрда Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн президенттери келет. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алып, алдыдагы Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин сапарына жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына карата даярдыктар тууралуу маалыматтарды укту.

Казакстан президентинин сапары 27-ноябрга белгиленген. 28-ноябрда Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан мамлекет башчыларынын жана Армения премьер-министринин катышуусунда Жамааттык коопсуздук Кеңешинин жыйыны өтөт.

ЖККУ 1992-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Армения жана Беларус мүчө.

Количество просмотров: 43