Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.
“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун төрагасы Эмил Акматов кызматынан алынды. Анткени ал бул милдетти убактылуу аркалап турган. Мындай чечимди “Кыргызтелеком” ААКнын директорлор кеңеши кабыл алды. Бул маалымат Кыргызтелекомдун расмий сайтына жарыяланды.
Эске салсак, Эмил Акматовго үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы кызматын убактылуу аркалоо милдети жүктөлгөн.