• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын директору кармалды

20 Теке 2023 15:52 Бишкек Govori.TV

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик бюджетке зыян келтирген кызматтык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Орловка ишканасынын” “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына откананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды жогоруда аталган ишкананын директору Э.К. тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жеке материалдык баюу максатында аталган ишкананын директору “Э.Т.” ЖЧК менен откананы жалпы суммасы 4 млн 900 миң сом болгон оңдоо иштери боюнча жасалма келишим түзгөндүгү аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алкагында аткарылган иштердин актыларында көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө иштери “Э.Т.” ЖЧКсы тарабынан жасалбаганы тууралуу маалыматтар алынган, ал эми каражаттар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекеттик ишкананын директоруна өткөрүлүп берилген.

2023-жылдын 19-июлунда Э.К. кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 180