• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кырсыкка кабылган маршрутканын 3 жүргүнчүсү терезеден ыргып кеткен

22 Бугу 202314:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес Спринтер» жана «Хундай-Соната» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 12:24тө катталган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркады, анын ичинде терезеден ыргып кеткен №135 маршрутканын 3 жүргүнчүсү жана жеңил унаанын айдоочусу бар.

Учурду окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Количество просмотров: 420