• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Кырсыкка кабылган унаанын ичинен 3 кг баңгизаты табылды

10 Бештин айы 202015:25 Бишкек Govori.TV

7-декабрында Ош-Исфана унаа жолунун 221-чакырымында кырсыкка кабылган Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын ичинен 3 кг баңгизаты табылды.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган автоунаанын айдоочусу Жалал-Абад облусунун 31жаштагы А.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

«Бул факт Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренесинин (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында автоунаага кароо жүргүзгөн кезде унаанын артынан баштык табылып, анын ичинде салмагы 3 килограмм болгон баңгизаты алынган», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 697