• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыска мөөнөттүү өргүүгө деп кеткен Абылгазиев жумушка кайта элек…

15 Кулжа 2020 12:44 Бишкек Govori.TV

Кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү үч жумага жакындап калган КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумушка кайта элек. Бул көрүнүш коомчулукта талкуу жаратууда.

Белгилей кетсек, эмгек өргүүгө кетип жатканы тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы 27-май күнү расмий кабарлаган. Ал эми качан кайра жумушка чыгаары так айтылган эмес. Жумушка кайтып келээр алдында расмий кабарланаары кошумчаланган эле.

Бирок, расмий маалымат айтыла элек. Буга чейин, тагыраагы 10-июнда Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгуусунун себебин радиожыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн эле. Ал бир нече жолу бул маселеге тиешеси жок экенин билдирген. Радио жыштык сатуудагы коррупция тууралуу парламентте маселе көтөрүлүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күмөндүү иштерге катышы жок экенин далилдешин талап кылган депутаттар болгон.

Учурда Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакта. Алардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери, «Ала ТВ» компаниясынын өкүлү бар. Камакка алынган беш кишинин дагы бири — агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын орун басары. Черногубованын өзүн УКМК жана Аскер прокуратурасы 12-майда камакка алган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Количество просмотров: 147