• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кытай Баткендин тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет

3 Жетинин айы 202211:52 Бишкек Govori.TV

Күн мурун, 2-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды берүү чечими жөнүндө билдирди.

Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты.

Количество просмотров: 181