• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кытай коронавирус тууралуу макаладан кийин WSJ журналисттерин аккредитациядан ажыратты

20 Бирдин айы 2020 17:24 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жөнүндө “Кытай – Азиядагы чыныгы оорукчан” деген материал жарык көргөндөн кийин Бээжин америкалык The Wall Street Journal гезитинин үч журналистинин аккредитациясын жокко чыгарды. Кабарчылар өлкөдөн беш күн ичинде чыгып кетиши керек.

Макала гезиттин “Пикир” рубрикасында 3-февралда жарык көргөн. Анда Кытай бийлиги эпидемиянын чыныгы масштабын жашырып жатканы айтылган. Журналисттердин материалга тиешеси жок. Анын автору – провессор Уолтер Рассел Мид.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги муну расисттик жана чагымчылдык маанайда жазылган макала катары сыпаттады. Бээжин The Wall Street Journal гезитинен күнөөлүүлөрдү жазалап, кечирим суроону талап кылды. Бирок басылма бул кадамга барган жок.

Журналисттер бир материал үчүн дароо үч кабарчыны өлкөдөн чыгаруу Кытай үчүн дагы сейрек көрүнүш экенин, бул Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы жаңы чыңалуу жөнүндө кабар берерин белгилешүүдө.

Бул жаңжалдын алдында АКШ «Синьхуа» агенттигин, CCTN телеканалын, «Кытай эл аралык радиосун», China Daily Distribution Corporation жана Hai Tian Development USA медиакопанияларын чет өлкөлүк агент катары тааныган. Вашингтон бул чечим ЖМКлардын ишине таасирин тийгизбей турганын, бирок жаңы кызматкерлерди жумушка алууда жана мүлккө ээлик кылууда АКШ бийлигинен уруксат суроого милдеттендирерин билдирген. Бээжин буга жооп кайтарышы ыктымал экенин эскерткен.

Количество просмотров: 199