• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Кытай коронавирустун рекорддук өсүшү тууралуу маалымдады

28 Жетинин айы 202211:30 Бишкек Govori.TV

Кытай бийлиги коронавирус оорусунун рекорддук өсүшү тууралуу маалымдады. Бул тууралуу Кыргызстандын Республикалык штабынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Кытайда акыркы күндөрү коронавирустун 39 миң 791 жаңы учур аныкталган. Алардын ичинен 3 миң 709унда оорунун белгилери билинген, 36 миң 82синде белгилери билинбеген учур. Мындан тышкары, бир адам каза болгон.

Ошентип, Кытайда COVID-19ду жугузуу учурлары 271 миң 159га чейин өсүп, ал эми адам өлүмүнүн саны 5 миң 233кө жеткен.

Өлкөдө төрт күн катары менен коронавирус илдетине чалдыгуунун рекорддук саны катталууда.

Количество просмотров: 193