• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кытай Кыргызстандагы кайсы тармактарга инвестиция жасайт?

8 Чын куран 201911:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.04.2019. Govori.TV.

Кыргызстанга Кытайдан келген түз инвестициялардын басымдуу бөлүгү — 56%дан ашыгы кайра иштетүү ишканаларына жумшалган.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, алардын 96%ы тазаланган мунайзат өндүрүшүндө, 29%ы кендерди казып алуу жана 15%га жакыны геологиялык чалгындоо тармагында иштетилген.

Өткөн жылы 2017-жылга салыштырмалуу Кытайдан келген түз инвестициялардын көлөмү 19%га кыскарып, 245 млн. доллардан ашык болгон.

«Кытайдан келген инвестициялардын азайганына карабай, алар өлкөгө келген чет элдик түз инвестициялардын негизги бөлүгүн түзөт (2018-ж. – 43%, 2017-ж. – 49%)», — деп билдирет Статистика комитети.

Статистика комитетинин адистери белгилегендей, кытайлык инвестициялар геологиялык чалгындоо тармагында 2,6 эсе жана кендерди казып алуу ишканаларында 4%га азайган.

Аны менен катар, кайра иштетүүчү ишканаларга инвестиция өскөн (4%). 2018-жылы Кытайдан Кыргызстандын экономикасына келген инвестициялар Чүй жана Жалал-Абад облусундагы ишканаларга жумшалган.

Количество просмотров: 18