Кытай Кыргызстандын Коргоо министрлигине 50 миллион юань өлчөмүндө аскердик жардам көрсөтөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги Жээнбек Кулубаев билдирди.
Министрдин айтымында, бул келишим февралда президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген.
«Бул келишимге февраль айында жетишилген. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк жана КЭР Куралдуу Күчтөргө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бирок бул бизден, кандай кайрылуу кабыл алуудан көз каранды. Биз азыр караштырып жатабыз. Балким, бул байланыш же башка жабдуулар. Бирок кандай болгон күндө да бул техникалык жардам болот”,-деди Жээнбек Кулубаев.