Кытай Кыргызстанга «Sinopharm» вакцинасын берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык 500 миң доза гуманитарык жардам катары, дагы 40 миң доза «COVAX» программасынын алкагында берилет.
Бакашова Кытайга коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөтүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирген.
Кытайдын элчиси кыргыз-кытай алакасы мындан ары да өнүгө берерине ишеним артарын белгилеп, кыргызстандыктарды Эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктаган.
Эскерте кетсек, буга чейин Кытай Кыргызстанга жардам катары 300 миң доза вакцина берген болчу.