• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кытай жарандарына мыйзамсыз виза берген факты аныкталды

27 Жалган куран 2019 16:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.03.2019.Govori.TV.

Кытай жарандарына мыйзамсыз виза берген факты аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирген.

Маалыматка ылайык, КР ТИМдин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте «Алтын Бугу – Золотой Олень» ЖЧКсынын жасалма документтеринин негизинде Кытайдын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү электрондук виза алынгандыгы боюнча факты аныкталды.

«Аныкталгандай, жогоруда аталган уюм легалдуу ишмердүүлүктү жүргүзүүчү документтердин бири катары Социалдык фонддун Ош облусунун Өзгөн райондук башкармалыгынан, социалдык төлөмдөр төлөнгөндүгү тууралуу жасалма билдирме алып келишкен», — деп билдиришти ведомстводон.

Бардык чогултулган материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 4