• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кытайда 2 кыргыз жараны өлүм жазасына тартылган

30 Тогуздун айы 2018 12:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.10.2018.Govori.TV.

Кытайда 2 Кыргыз жараны өлүм жазасына тартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде депутат Руслан Казакбаев айтты.

«Биздин өлкөдө канча Кытай жараны түрмөдө отурат жана канчасы террорчулук, экстремизм боюнча кармалды эле. Кытайда биздин жарандар өлүм жазасына тартылып кеткен учурлар бар, ал жакта 2 жаран өлүм жазасына тартылган. Бул нерсени эмне үчүн айтып жатам, кытай тарап менен сүйлөшүп, биздин жарандарды өткөрүп алуу боюнча иштер болуп жатабы?»,-деп сурады.

Ал эми бул боюнча Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун бүгүнкү күндө Кытайда 17 кыргызстандык жаран абакта отурганын билдирди. Башка тийиштүү органдар бул маселе боюнча негизги маалыматтар бар экенин, бирок аны такташ үчүн жооп бербей турганын билдиришти.

УКМКнын өкүлү өлкөдө экстремизм, террорчулук боюнча жалпы 160 кылмыш иши козголуп, 77 адам жоопкерчиликке тартылганын кошумчалады. 

Количество просмотров: 38