Кытайда 30-кабаттан кулаган киши аман калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, эркек киши 30-кабаттан лифтти күтүп турган. Эшик ачылганда эле ал кадам таштаган, бирок ал кабатка лифттин кабинасы келген эмес. Ал 8-кабатка чейин кулап барып, ошол жерден лифтинин калың зымдарын кармап калганга үлгүргөн. Андан соң телефон чалып куткаруучуларды чакырган.
Окуя болгон жерге беш мүнөттөн кийин келгендер кишини аман-эсен чыгарып алган. Кулаган адамдын кол кабы болгондуктан колдору да эч кандай жаракат алган эмес.
Булак: Sputnik Кыргызстан