• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытайда белгисиз вирус жайылууда

20 Үчтүн айы 2020 19:08 Бишкек Govori.TV

Кытайда мурда белгисиз вирус жайылып жатат. Өткөн дем алыштарда эле 139 жаңы учур катталды. Өлкө бийлиги 20-январда ушуну менен үчүнчү киши дем алуу органдарын, өпкөнү сезгенткен илдеттен көз жумганын билдирди. Вирус тараган булактын аныкталбай жатканы дүйнө коомчулугун, адистерди өзгөчө камтама кылат. 2002-жылы ушундай вирус Кытай менен Гонконгдо 600дөн көп кишинин өмүрүн алып кеткен.

Бэжинде түзүлгөн комиссия оору адегенде Ухань шаарында катталган деген жыйынтыкка келди. Бирок 3 жаңы бейтап Кытайдын башка жерлеринде аныкталды. Улуттук саламаттык сактоо комисссиясы Кытай Жаңы жылын майрамдоо учурунда көзөмөл жана алдын алуу чаралары күчөтүлөрүн эскертти.

Дарыгерлер жаңы короновирусту изилдөөгө киришти. Эксперттер вирус жаныбарлардан адамдарга жуккан болушу мүмкүн дешет. Ошол эле учурда адамдан адамга жугушу ыктымал экенин жокко чыгарышпайт.

19-январга карата Уханда 198 кишинин диагнозу такталган. АКШнын Сан-Франциско, Лос-Анжелес жана Нью-Йорк шаарларындагы аэропорттордо Кытайдын борбордук бөлүгүнөн келген жүргүнчүлөрдү текшере башташты.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 445