• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кытайда бир күн ичинде коронавирус жуктурган жаңы 11 учур катталды

25 Бугу 20209:30 Бишкек Govori.TV

Кытайда бир күн ичинде коронавирус жуктурган жаңы 11 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңы коронавирус жуктурган учурлардын баары сырттан келген. Ошондой эле 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Кытайда жалпысынан илдетти 82 миң 985 жаран жуктурган. Алардын 78 миң 268и айыкса, 4 миң 634ү каза болгон. Учурда 83 бейтап дарыланууда.

Ал эми Гонконгдо коронавирус пайда болгондон бери 1 миң 65 учур катталган. Алардын ичинен 4 адам каза болуп, 1 миң 30 жаран айыккан.

Количество просмотров: 121