Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө айтылат.
Ооруга чалдыккандардын ичинен 1 миң 239 кишинин абалы оор деп бааланууда. Аны менен бирге 9,2 миң кишиде коронавирустун белгилери байкалган. Бирок алардын диагнозу тактала элек.
Ошондой эле 60 миңге жакын киши карантинге алынган.