• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кытайда кыргызстандык кыз терезеден кулап, ооруканага түштү

12 Жалган куран 2020 18:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Пекин шаарында кыргызстандык кыз «коронавирустун айынан терезеден кулады» делген маалымат боюнча комментарий берди.

Пекиндеги элчилик Кытайдын медициналык мекемеси берген маалыматка шилтеме берүү менен билдиргендей, 6-мартта саат 09:20да Иу шаарындагы медициналык мекеменин кабыл алуу бөлүмүнө Кыргызстандын 1996-жылы туулган жараны З.А. түшкөн. Ал экинчи кабатта ачык турган балкондон кулап, жаракат алган.

«Бул окуя Кытайдагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу эмес», — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Медициналык мекеменин маалыматы боюнча, жаракат алган кызды мекенине алып кетүү сунушталбайт. Себеби бул процесс анын ден соолугуна жана калыбына келүүсүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн. Учурда ал күнү-түнү медициналык көзөмөлдө болуп, тиешелүү жардам алып жатат.

Количество просмотров: 269