• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кытайда Социалдык илимдер академиясынын кызматкери камакка алынды

5 Бештин айы 2018 16:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.12.2018.Govori.TV

Кытай Эл республикасындагы Синьцзян-Уйгур автономдук районунда Жогорку Кеңештин депутаты Жунус уулу Адылдын бир тууганы Аскар Жунусов кармалды. Ал учурда 49 жашта.
Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат булактары жазышууда.
Кармалган Аскар Жунус уулу Шинжаң шаарындагы Социалдык илимдер академиясынын кызматкери болгон. Айыпталуучуну Үрүмчүдөгү үйүндө туткунга алышкан.
Ал илимий кызматкер болуу менен Кыргызстандын тарыхы тууралуу да бир топ илимий макалаларды жазган.
Эске сала кетсек учурда Кытайда уйгур, казак жана кыргыз улутундагылар кармалып, кайра тарбиялоо лагерине жөнөтүлүп жатат.
Буга чейин Кыргызстандык Кытайда туугандары бар жарандар менен акыйкатчы жолугушуу өткөргөн.
Количество просмотров: 31